• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жылдыз Бакашова Талас облусундагы карылар үйүндөгүлөрдүн абалынан кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Бакай-Атадагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемеге барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жылдыз Бакашова мекемедеги тургундарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктап, аларга чың ден-соолук каалады.

«Биздин жалпы милдетибиз – сиздерди бакубат карылык жана кепилденген социалдык коргоо менен камсыз кылуу, майрамдарда гана эмес, күн сайын өзүңүздөрдү бейкапар жана ишенимдүү сезүүңүздөр абзел», – деди ал.

Белгилесек, Кыргыз Республикасында 15-сентябрдан 15-октябрга чейин Карылардын эл аралык күнүнө арналган «Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрүү» бир айлыгы өткөрүлүүдө. Иш-чара ар бирибизге улуу муунга сый-урмат жана камкордук көрсөтүү зарылдыгын эске салып, аларга жылуу мамиле тартуулоого чакырат.

Бир айлык алкагында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тараптан улгайган жарандарга кошумча даректүү социалдык көмөк берүү жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча максаттуу иш жүргүзүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий