• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жылдыз Бакашова триатлон боюнча Азия чемпионатынын катышуучу-спортчуларын колдоду

Өкмөт 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында кесипкөй спортчулар жана 13-15 жаштагы балдар арасында алгач ирет триатлон боюнча Азия Чемпионаты (U15 категориясы) өттү.

Таймашта Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова спортчуларды колдоду.

Ал Чемпионаттын катышуучуларына дене-тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы жана күч-аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү болуп саналат. Президент тарабынан дене-тарбия жана спорт тармагы өлкөбүздүн улуттук деңгээлдеги кызыкчылыгы болуп саналаары белгиленип жүрөт. Мамлекетибиз спортко тийиштүү маани берип, спорттук инфраструктураны өнүктүрүгө жана дене тарбия жаатындагы кызматкерлдердин эмгек шартын жакшыртууга күч-аракетин жумшоодо. Эл аралык деңгээлдеги таймаштардагы кыргыз спортчуларынын ийгилиги ага далил болуп саналат жана элибиздин үмүт отун жандырды»,- деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Белгилесек, чемпионатка 9 өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Палестина, Иордания, Бахрейн, БАЭ, Япония жана Ирандан 57 спортчу катышты.

U15 категориясында 13 жштан 15 жашка чейинки балдар жана кыздар супер спринт аралыгында, 300 метрге сууда сүзүү, 8 км веложарыш жана 2 км чуркоо боюнча таймашты. Жыйынтыгында балдар арсындагы таймашта биринчи орунду Казакстандын спортчулары ээледи, ал эми кыздар арасында биринчи жана үчүнчү орунду Казакстандын спортчулары ээлеп, ал эми Кыргызстандын спортчусу Алфина Артыкходжаева күмүш медалга ээ болду.

Elite категориясында кесипкөй спортчулар арасында (эркектер жана аялдар) алдыңкы үчилтиктин курамына Казакстан жана Япониянын спортчулары кирди. Катышуучулар супер спринт аралыгында, 300 метрге сууда сүзүү, 8 км веложарыш жана 2 км чуркоо боюнча таймашты.

Пикир

Оставить комментарий