• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жылдыз Бакашова Жалал-Абад облусунун дарыгерлери менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга, калкты COVID-19га каршы эмдөөгө, "кызыл" аймактарда иштеген медициналык кызматкерлерге бир жолку жана ай сайын компенсацияларды жана кошумча төлөмдөрдү төлөөгө байланыштуу актуалдуу маселелер, ошондой эле медициналык кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын социалдык-экономикалык жактан коргоо маселелери талкууланды.

Жалпысынан Жалал-Абад облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу, бейтаптарды каттоонун төмөндөшү байкалган. КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаевдин айтымында, бир жолку компенсация төлөө үчүн 234 документ даярдалып, коронавирус менен ооруган медицина кызматкерлерине жөнөтүлдү, анын ичинен 64 медицина кызматкери компенсация алган. Көзү өткөн үч медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрү 1 миллион сомдон компенсация алышты.

Ошондой эле Жылдыз Бакашова региондо вакцинациялоонун төмөн көрсөткүчтөрүн белгиледи, алар контингенттин 22%ын гана түзөт. Мында эң төмөнкү көрсөткүчтөр Кара-Көл шаарында (7%), Аксы (18%), Токтогул (18%), Сузак (19%) райондорунда байкалган. Саламаттыкты сактоо боюнча облустук координаторго, облустук медициналык мекемелердин жетекчилерине коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн зарылдыгы жана мааниси тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Мындан тышкары, жолугушууда медицина кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө аймакка жаш медициналык кадрларды тартуу жана кармап калуу үчүн социалдык-экономикалык шарттарды түзүү зарылдыгы боюнча ар кандай сунуштарды киргизишти. Анын ичине жер тилкелерин бөлүү, кызматтык турак жайларды куруу, материалдык жардам көрсөтүү, коммуналдык кызматтарды көрсөтүү жана башкалар маселелери кирди.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө Бакашова Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын бөлүмдөрүнүн абалы менен таанышты, ошондой эле Сузакта жалпы медициналык практика борборунда болду. Жумушчу сапардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий