• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жылкыбаев: Түркиядан учуп келгендер үйлөрүнө кое берилгендигине карабастан, Ошто 23 жаран обсервацияга алынды

Аймак 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Түркиядан учуп келген кыргызстандыктар үйлөрүнө кое берилгендигине карабастан, Ошто 23 жаран обсервацияга алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Түз эфирде Узарбек Жылкыбаевге "Кыргызстанга Түркиядан келген кыргызстандыктарды эмнеге үйлөрүнө таратып жиберишти?" деген суроо берилген.

Жылкыбаев белгилегендей, Түркиядан 211 кыргыз жараны учуп келген. "Алар Бишектеги "Ак кеме" мейманканасына 3 күн обсервацияда болгон. Баарынан ПЧР тесттери алынып, айрымдарынан оору тастыкталган. Ош обусуна жалпы 23 жаран келген. Алар Кара-Суудагы жеке клиникага обсервацияга жаткырылды, - дейт ал.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү "Бишкектен үйлөрүнө кое беришсе эмнеге Ошто клиникага жаткырып койдуңар?" деген суроолор болгонун айтат. "Сактыкка кордук жок дегендей, бул жерде 10 күн обсервацияда жатып койсо эч нерсе болбойт. Чечим туура болду деп эсептейм. Акыркы күндөрү дагы ПЧР тесттин алабыз. Эгер таза болсо үйлөрүнө чыгат", - дейт ал.

Жылкыбаев кошумчалагандай, учурда обсервациянын шарты жакшырып, бир бөлмөдө 2 адам жатат.

Эскерте кетсек, 17-апрель күнү Бишкекке "Стамбул-Бишкек-Стамбул" каттамы менен 211 кыргызстандык учуп келген.

Пикир

Оставить комментарий