• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жылмайып коюңуз: 118 колл-борборунун операторлоруна берилген күлкүлүү суроолор

Коом 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы 118 колл-борборунун операторлоруна жарандар тарабынан берилген күлкүлүү суроолордун тизмесин түздү.

Пандемия учурунда шаар тургундарына коронавирус боюнча кеңеш берүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясы, Саламаттыкты сактоо министрлиги, «Сорос-Кыргызстан» фонду, Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы менен биргеликте «Өзүн-өзү диагноздоо боюнча 118 линиясы» долбоорун ишке киргизген.

Клиникалык ординаторлор, өз ыктыяры менен келген медиктер күнү-түнү шаар тургундарына Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча акысыз медициналык кеңештерди берип, жардам көрсөткөн.

«Бизге ар түрдүү себептер менен чалып жатышты. Кээ бирлери COVID-19, КРВИнин белгилери менен кайрылса, айрымдары башка оорулар менен чалышты. Ал эми кээ бир адамдар жөн эле бугун чыгарып алуу үчүн чалып жатышты. Биздин операторлор ар бир шаар тургунуна сабырдуулук менен кеңеш берүүдө. Кээ бир учурда күлкүлүү суроолор дагы берилип жатты», - деп билдирет мэрия.

118 колл-борборуна түшкөн 30 күлкүлүү суроо:

1. «Саламатсызбы, биз жаңы эле электр энергиясынын акчасын төлөдүк, жарыкты күйгүзүп коё албайсыздарбы?»;

2. «Мен короновирусту жугузуп албаш үчүн эт менен жашылчаларды кантип бышырышым керек?»;

3. «Коронавирус менен ооруп калбаш үчүн канча жолу компьютердик томографиядан өтүшүм керек?»;

4. «Биз ундун ичинен чычкан таап алдык, эми унду жей берсек болобу?»;

5. «Коронавирус импотенцияга алып келет дейт, бул чынбы?»;

6. «С.Ш.Жээнбековдун жана К.А.Бороновдун WhatsApp номерлерин бересиздерби»;

7. «Мага туугандарым келишти, эшикти ачайынбы же ачпай эле койсом болобу?»;

8. «Абылгазиевди телефонго чакырып коюңузчу, сиз анын жанында отурасыз да»;

9. «Эмнеге КТРКда кайгылуу программалар көрсөтүлүп жатат? Сиздер аларды тейлейсиздер да, аларга оюн-зоок программаларын берсин деп айтып коюңузчу»;

10. «Эмнеге кыргыз телеканалдарында кыргыз тилинде гана программалар көрсөтүлөт?»;

11. «Кутман күн, биз жубайым экөөбүз тең коронавирус менен ооруп жатабыз, балалуу болсок болобу?»;

12. «Коронавирус жыныстык жол менен жукпайбы?»;

13. «Саламатсызбы, менин мышыгымда COVID-19дун бардык белгилери бар, мышыктардан ПЦР-тестти кайдан алат?»;

14. «Транспорт кайсы убактарда каттайт? Качан толук кандуу каттайт баштайт?»;

15. «Кинотеатрлар качан иштей баштайт?»;

16. «Кальянды кайдан чексе болот?»;

17. «Х» көчөсүндө гүлдөр отургузулду, бирок аны эч ким сугарбай жатат! Сиздер суугарып кете аласыздарбы? Алар айлана-чөйрөгө таасирин тийгизет да, коронавирус менен күрөшүүгө да жардам берет»;

18. «118, сураныч, биздикине келип, үйүбүздүн эшигинин кармагычын тазалап кете аласыздарбы? Кечээ бирөө такылдатып жаткан, бирок мен ачкан жокмун»;

19. «Азыр саат канча болду айтып коесузбу?»;

20. «Пенсия качан берилет?»;

21. «Ресторандар жабылды, жумуш жок, жумушту кайдан табам?»;

22. «Мен таракандар менен күрөшүп жатам, алардан оору жугуп калбайбы?»;

23. «Унаанын айыппулун билсем болобу?»;

24. «Доктор колбасасы канча турат?»;

25. «Менин күйөмдү обсервацияга алып кеткилечи, ал эки жумадан бери арак ичип жатат»;

26. «Чоң кыз, мен арак ичип жатам, бул ооруну жуктуруп албоого жардам береби?»;

27. «Менин күйөм менен сүйлөшүп коесуздарбы, ал мени укпай күн сайын арак ичип жатат»;

28. «Менин аялыма тамак берип жатканда сүйлөгөнгө болбойт деп түшүндүрүп коюңузчу, вирус шилекей аркылуу жугат эмеспи»;

29. «Пандемия учурунда жыныстык катнаш болобу?»;

30. «Саламатсызбы, мага бирдик жүктөп кое аласызбы?».

«Эскерте кетсек, 118 колл-борбору кеңеш берүүнү улантууда. Сураныч, социалдык аралыкты сактап, колуңуздарды жууп, беткап тагыныңыздар», - деп билдирет мэрия.

Пикир

Оставить комментарий