• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жылуу кийиниңиз! 25-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.01.18. /Кабар/. Эртең, 25-январда республиканын айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн,-деп билдирет Кыргызгидромет. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -7...-12,

Талас облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -4...-9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...-4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүз -13...-18;

​Эртең Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15°, күндүз -8…-10° чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий