• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жылуу кийиниңиз! Эртең жамгыр карга айланып, суук болушу мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 15.11.17./Кабар/. Эртең, 16-ноябрда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланышы, тоолордо кар жаашы мүмкүн,-деп билдирет Кыргызгидромет.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн

-2...+3, күндүз 2...7,

Таласта облусунда

түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсун

-2...+3, күндүз 6...11,

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...5,

Нарын облусунда

түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5,

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын табы түндө 0…-2, күндүз 5…7 градус.

Пикир

Оставить комментарий