• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жылына мамбюджеттин 30%ы мамлекеттик сатып алууларга кетет - Марипов

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Жылына мамлекеттик бюджеттин 30%ы мамлекеттик сатып алууларга жумшалат. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов координациялык кеңеште билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик бюджеттин 30%ы 50 млрд. сомго жакын каражатты түзөт.

“Мамлекеттик сатып алуулардын электрондук форматына өткөнүбүз жакшы болду. Бирок биз аудит жүргүзүү учурунда бир катар кемчиликтерди таптык. Сунуштарды өкмөткө бердик. Бул багытта жаңы мыйзам иштелип жатат. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча 2016-2017-жылдары мамлекеттик сатып алууларга 52,6 млрд сом бөлүнүп, алардын 43,5 млрд сомуна 44 миң тендер өткөрүлгөн. Айырмасы 9,1 млрд сом болууда. Ал каражаттын 4,7 млрд сому үнөмдөлгөн. Үнөмдөө болгону жакшы. Бирок өткөрүлүп жаткан тендердин сапатына көңүл буруу керек”, - деди ал.

Марипов тендерлерде тийиштүү эмес техника сатылып алынган ири компаниялар менен энергетика тармагы бар экенин айтты.

“Айрым мамлекеттик сатып алуулар тендерсиз өткөрүлүп жатат. Ошондуктан координациялык кеңештин чечимине ар бир органдын ички аудитин күчөтүү боюнча иштердин аткарылышы үчүн пункт койгум келет”, - деди Марипов.

Пикир

Оставить комментарий