• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жылытуу мезгили электр энергиясынын тартыштыгы жок башталды - Зилалиев

Коом 0

Бишкек, 2.11.17 /Кабар/. Жылытуу мезгили электр энергиясынын тартыштыгы жок башталганын Жогорку Кеңештин өкмөттүн кышкы даярдык иши талкууланган жыйынында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

“Токтогул суу сактагычындагы көлөм республикада жылытуу мезгилин ийгиликтүү өтүүгө гана эмес, электр энергиясын коңшу өлкөлөргө экспорттоого да шарт түзөт”, - деди Зилалиев.

Зилалиев электр энергиясы тармагындагы техникалык жоготуулардын кыскаргандыгын белгиледи. Анын маалыматы боюнча 2019-жылы республика боюнча автоматташтырылган көзөмөлдөө жана каттоо жабдууларын орнотууну аяктоо пландалууда.

Анын айтымында, күз-кышка даярдык тиешелүү деңгээлде жүрүүдө. Республикалык бюджеттен каралган 3 млрд 41 млн 700 миң сомдон 2 млрд 200 млн сомдон ашык бөлүнгөн.

Мындан тышкары республика боюнча 623 отун базасы ачылган. “Бишкек шаарында жылытуу мезгили 18-октябрда башталды. Учурда бардык социалдык мекемелерге жана турак үйлөргө жылуулук берилди. Бишкек ЖЭБинде 257 миң тонна көмүр, 4,8 миң тонна мазут бар”, - деп билдирди Зилалиев.

Буга чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгынан кыйынчылыктар болуп, өкмөт электр энергиясын импорттоого мажбур болгон.

Пикир

Оставить комментарий