• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жылытуу мезгилине карата Бишкек ЖЭБде маселе жаралбайт

Өкмөт 0

Бишкек, 06.01.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарынын ЖЭБинин учурдагы иштөө режими менен таанышты.

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору Осмон Качкынбаев, Бишкек шаарынын ЖЭБинин от казандары жана башка жабдуулары толук кандуу иштеп жаткандыгы жөнүндө маалымат берди.

Учурда ЖЭБде 100,4 миң тонна көмүрдүн кору бар. Күнүмдүк керектөөсү 6,5 миң тоннага чейин жетүүдө. ЖЭБге күнүнө жергиликтүү жана сырттан 7,0 миң тоннанын тегерегинде көмүр ташылып келүүдө.

Маалымат менен жеринде таанышкан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигине өлкөнүн бардык аймактарындагы кампалар жетиштүү деңгээлде көмүр менен камсыздалып жана анын баасын дыкат көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий