• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жылытуу мезгилинин аягында Токтогулдагы суунун көлөмү 8,2 млрд куб метр деңгээлинде болушу болжолдонууда

Экономика 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Учурдагы кышкы жылытуу мезгилинин аягында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,2 млрд куб метр деңгээлинде болушу болжолдонууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле келерки жылытуу мезгилинин башталышында суу сактагычтагы суунун көлөмү 12,8 млрд куб метр болот деп болжолдонууда.

“Жайында электр энергиясын колдонууга чектөө киргизүү жыйынтык бербейт, натыйжа бериш үчүн бир облусту бүт бойдон өчүрүү керек, бирок биз андай кылбайбыз”, - деди ал депутаттын суроосуна жооп берип жатып.

Пикир

Оставить комментарий