• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыныстык катнаш карылыкты тездетет - изилдөө

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 03.10.17 /Кабар/. Бразилиялык Риу-Гранди-ду-Сул университетинин окумуштуулары Biogerontology журналына жыныстык активдүүлүктүн картаюуга тийгизген таасири тууралуу макаланы жарыялашкан.

Организм зат алмашуу процесстерине энергия коротот. Кайта өндүрүүгө канчалык көп күч кетсе, ткандардын жана органдардын калыбына келишине ошончолук аз энергия калат.

Изилдөө үчүн окумуштуулар 2 айлык курактагы 80 эркек чычканды алышкан. Жаныбарлар төрт топко бөлүнгөн. Алар топтордо 3, 6, 12 жана 24 айга чейин жашап, андан соң алар өлтүрүлгөн. Ар бир топто экиден топчолор болгон: биринде ургаачы чычкандар менен жупташтырылган, экинчисине кошушкан эмес.

Өлтүрүлгөн жаныбарлардын органдары жана ткандарында антиоксиданттар жана стресс кычкылынын деңгээли текшерилген.

Натыйжада, тукумдаган чычкандардын организминде кычкыл клеткалары, жупташтырылбаган чычкандардыкынан жогору болгон. Ошону менен бирге жаш курагындагы жыныстык активдүүлүк клеткаларга көбүрөөк зыян тийгизген.

Ошол эле учурда жаш курактык өзгөрүүлөргө АФК синтези да таасир берет. Анын молекулалары ДНКга зыян келтирип, гемостазды бузат. Жыныстык активдүүлүк жана көбөйүү көп энергияны талап кылат. Ошондуктан кычкылтектик радикалдардын өндүрүшүн күчөтөт. Алар өз кезегинде карылыктын келишин кыйла тездетет.

Булагы: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий