• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыпариса Рысбекова КМШнын Балдар акыйкатчыларынын биринчи жолугушуусуна катышты

Коом 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова КМШнын Балдар акыйкатчыларынын биринчи жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова видеоконференция форматында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн биринчи жолугушуусуна катышты. Мындай форматтагы жолугушуу биринчи жолу өттү, уюштуруучу аянтча КМШнын аткаруучу комитети. Жолугушууга Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын Балдар Укуктары боюнча комиссарлары жана Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Түркмөнстан Республикасы жана Беларусь Республикасынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу жүрүшүндө балдардын укугун коргоо жана ишке ашыруу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды, анын ичинде төмөнкү темалар:

- Шериктештик мейкиндигинде балдар саясатынын негизги маселелери боюнча эл аралык диалог үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү жөнүндө, анын ичинде орун алган системалуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн тармактык кызматташтык алкагындагы маселелер;
- балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы эксперттердин өз ара байланыштары, тактап айтканда, тажрыйба алмашуу, биргелешкен иш-чаралардын пландарын иштеп чыгуу жана илимий-практикалык семинарларды өткөрүү боюнча;
- Жакынкы Чыгыштагы куралдуу чыр-чатак аймагынан балдарды кайтаруу маселеси, аларды реабилитациялоо жана кайра коомдоштуруу боюнча өз ара кызматташуу;
- балдардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин ортосунда маалымат алмашууну жөнөкөйлөтүү жөнүндө;

Жолугушуунун жүрүшүндө Жыпариса Рысбекова талкууланган маселелердин алкагында биргелешкен иш аракеттердин жана тыгыз кызматташуунун зарылдыгын белгиледи. Ошол эле учурда өз ара кызыкчылыктагы башка багыттарда кызматташууну кеңейтүүгө чакырды.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл ошондой эле маалымат алмашуу жана кызматташуу үчүн туруктуу аянтчаларды түзүү балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын ишке ашыруу жана коргоо процессинде келип чыккан маселелерди толук жана натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берерин канааттануу менен кошумчалады.

Мындан тышкары, КМШга мүчө мамлекеттерде балдардын укуктарын коргоо боюнча мындан аркы өз ара кызматташуу жолдору талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий