• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жыпариса Рысбекова КРнын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 19.05.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Рысбекова Жыпариса Боронбаевна Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

- Арипова Айгүл Көкташевна Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын канцеляриясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин, башка актыларды аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

- Усеков Уланбек Абдилазизович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын канцеляриясынын начальнигинин орун басары – иш кагаздарын жүргүзүү, регламент жана жыйналыштарды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий