• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жыпариса Рысбекова: Мамлекет балдарды жана жаштарды сатуунун алдын алуу боюнча иштерди жүргүзөт

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова «Аярлуу катмардагы жаштардын жана балдардын арасында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча өнөктөштүктү бекемдөө» темасында тегерек стол жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык жана бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Максаты калктын аялуу катмарындагы жарандардын арасында адам сатууга каршы күрөшүүдө өнөктөштүктү, ведомстволор аралык кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.

Тегерек столдо «Оазис» Фонду БУУнун БКБ менен биргеликте жүргүзгөн «Аялуу катмардагы жаштардын арасында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» кырдаалдык талдоосунун жыйынтыгын айтып беришти. Ошондой эле, адамдарды сатуунун курмандыктарынын укуктарын укуктук жактан жана социалдык жактан коргоо маселелери каралды. Жыйынтыгында турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана жаштарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндө аялуу катмардагы өспүрүмдөрдү жана жаштарды коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу, мамлекеттик органдар, өнөктөштөр жана башка уюмдарды адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатында иштер жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпартса Рысбекова Кыргыз Республикасынын Конституциясында адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук катары аныкталганын, ал эми кулчулукка жана адам сатууга жол берилбестигин белгиледи.

«Ага ылайык, Кыргыз Республикасы адам сатуунун алдын алууга жана ага каршы күрөшүүгө багытталган негизги эл аралык актыларды ратификацияланган. Балдарыбыз үчүн биз колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек. Мамлекет адам сатуунун курмандыгы болгон балдардын жана жаштардын турмушун жакшыртуу боюнча иштерди улантат жана эң негизгиси балдарды жана жаштарды сатуунун алдын алуу боюнча иштерди жүргүзөт», - деп баса белгиледи Жыпариса Рысбекова.

Пикир

Оставить комментарий