• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыпариса Рысбекова Нарын облусунда балдардын укуктарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова балдардын укуктары менен кызыкчылыктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, айыл өкмөт башчылары жана социалдык мекемелердин, жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциялардын кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрдү.

Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондорундагы жана Нарын шаарындагы социалдык объектилерди кыдырды: И.Арабаев атындагы орто мектеп, «Үмүт» бала бакчасы, Кочкор районундагы фостердик үй -бүлө, № 9 орто мектеп, «Наристе Нур» бала бакчасы, Нарын бириккен аймактык ооруканасынын балдар бөлүмү, «Аруу Тилек» кризистик борбору, А.Койчуманов атындагы орто мектеп, К.Тыныстанов атындагы бала бакча, Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик борборунун балдар бөлүмү, «Ак-Байрак» реабилитациялык борбору, Андабеков атындагы спорт комплекси, Э.Карасартова атындагы орто мектеп, «Айзуура» бала бакчасы, «Азык» реабилитациялык борбору, Ак-Талаа районундагы фостердик үй-бүлө, ошондой эле Ү.Асанов атындагы Нарын облустук интернаты.

Мындан тышкары, Ак-Талаа районундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга мамлекеттик кепилдиктер жана аларды жакшыртуу боюнча жолугушуу өткөрүлдү.

Иш сапардын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелердин чечимдери жеринде талкууланды, балдардын укуктары жана корголушу маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жакшыртуу тууралуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин аймактык өкүлдөрүнө сунуштар жана тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий