• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жыргалаң дарыясына унаа түшүп кетип, 2 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң дарыясына “Нива” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай,кырсык кечээ, 25-ноябрда болжол менен саат 14:43төр чамасында Жыргалаң-Каракол унаа жолунун 50-чакырымында катталган.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши жана 1 аял киши каза болгон.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, унааны суудан чыгарышып, каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий