• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыргалаң капчыгайында адашып калган турист табылды - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кечээ, 12-сентябрда Жыргалаң капчыгайында 1990-жылы туулган Ш. М. аттуу турист адашып кеткен. Ал Израилдин жараны болгон, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, издөө иш-чараларына 8 куткаруучу тартылып, бүгүн саат 09:05 туристти табышып, саат 14:44тө Жыргалаң айылына алып келишкен.

Жоголуп кеткен туристин абалы жакшы.

Пикир

Оставить комментарий