• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыргалбек Саматов: Кыргызстандын көк бөрү оюнунун эрежеси эл аралык болуп таанылган

Коом 0

Бишкек, 16.02.19 /Кабар/. Кыргызстандын көкбөрү оюнунун эрежеси эл аралык болуп таанылган. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2001-жылы Эл аралык көкбөрү федерациясы түзүлгөн. Ага төрт мамлекет кирген. Бүгүнкү күндө анын курамында 16 мамлекет мүчө болуп эсептелет.

"Ташкентте Эл аралык көкбөрү федерациясынын конгрессинде Россиянын 8 субъекти көкбөрү федерациясына мүчө болуп кирди", - деп билдирди Саматов.

"Ал эми Астанада болгон отурум, ал отурум тууралуу ар кандай сөздөр айтылып жатат. Бирок кандай болбосун, Кыргызстанда болуп жаткан оюндар көкбөрү эрежеси менен өтөт, ал эреже эл аралык болуп эсептелет жана тай казан менен ойнолот", - деп кошумчалады Көк бөрү федерациясынын президенти.

Пикир

Оставить комментарий