• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Зидан кайрадан "Реалдын" машыктыруучусу болду

Спорт 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Зинедин Зидан кайрадан испаниялык ”Реал Мадрид” футбол клубунун башкы машыктыруучу болду. Жаңы келишимге ылайык, эми ал клубду 2022-жылдын 30-июнуна чейин жетектейт.

Буга чейин команданы Сантьяго Солари машыктырып келген, ал ”Реалды” 2018-жылдын октябрь айынан тарта жетектеген.

Зидан командадан 2018-жылы 31-майда кеткен. Зинедин Зидан башкарган жылдары "Реал" Чемпиондор лигасын үч ирет катары менен уткан. Ошондой эле Испаниянын чемпиону болууга жетишкен.

Зидан 2017-жылы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) "Жылдын мыкты машыктыруучусу" сыйлыгына татыган. Ал футбол тарыхына эң мыкты оюнчу да, машыктыруучу да боло алган биринчи адам катары кирген.

Учурда “Реал” Испания чемпионатында үчүнчү орунда жана “Барселонадан” 12 упай артта. Мадрид командасы Испания кубогунда жана Чемпиондор лигасында ойноону токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий