• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Зидан менен Дешам дүйнөнүн мыкты машыктыруучусу аталышты

Спорт 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Франциялык адис Зинедин Зидан дүйнөнүн мыкты машыктыруучусу деп аталды. Тизме футбол тарыхы жана статистикасы боюнча эл аралык федерациянын сайтында жарыяланды.

Мадриддик “Реалдын” мурдагы машыктыруучусу 296 упай топтоп, мыкты деген наамга татыктуу болду.

Экинчи орунду “Ливерпулдун” башкы машыктыруучусу Юрген Клопп алса, үчүнчү орунда “Манчестер Ситинин” тренери Хосеп Гвардиола турат.

Ал эми мамлекеттик курама команданын мыкты машыктыруучу наамын 2018-жылы Францияны дүйнө чемпиону кылган Дидье Дешам алды.

Пикир

Оставить комментарий