• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Зиядин Жамалдинов аяз атага кат жазган балдардын тилегин орундатты

Аймак 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын тилегин аткарды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы 15 бала аяз атага кат жазып, ар кандай белектерди сураган.

Алардын тилегин Ош облусунун башчысы менен район акимдери биргеликте аткарышты. Зиядин Жамалдинов жаш жеткинчектерди жаңы жылы менен куттуктап, белектерди тапшырды.

“Жаңы жыл алдында силердин калоо тилектериңердин аткарылышын каалайм. Бүгүн силер сураган белектерди алып келдик. Сиздерди өлкө башчысы, жергиликтүү бийлик ар дайым колдоого даярбыз”,-деди Жамалдинов

Пикир

Оставить комментарий