• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Зиядин Жамалдинов эл аралык уюм жана кайрымдуулук фонд өкүлдөрү менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Кечээ, 19-январь күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм жана ЮНИСЕФтин Оштогу өкүлчүлүгүнүн жетекчисин кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, аткарылып жаткан долбоор тууралуу сөз болду. Ош облусунун башчысы кызматташууга даяр экенин белгиледи.

“Ош облусу ЮНИСЕФ уюму менен буга чейин да кызматташып, көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келгенбиз. Мындан ары да ЮНИСЕФ уюмунун долбоорлоруна колдоо көрсөткөнгө даярбыз”, - деди Зиядин Жамалдинов

Мындан сырткары, Зиядин Жамалдинов Ассанбиль кайрымдуулук фондунун өкүлү Мохаммед Али Абделькаримди кабыл алды. Жолугушууда аталган фонд менен да эки тараптуу кызматташуу, социалдык долбоорлорду биргеликте аткаруу боюнча сүйлөшүштү.

Пикир

Оставить комментарий