• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Зиядин Жамалдинов энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Президенттин ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов энергетиктерди бүгүн, 22-декабрь - кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Облус башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу энергетика тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын энергетиктеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Биз сиздердин ар бир үйгө жарык, жылуулук жана жагымдуу маанай болушуна багытталган ишиңиздерди жогору баалайбыз. Жайдын аптабында да, кыштын ызгаарында да жарандардын жарык жашоосу үчүн даттанбай иштеп жаткан облустагы бардык кызматкерлерге өзүмдүн элдин атынан ыраазычылык билдирем. Буюрса, билимге умтулган жаштардан агымы, жана мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн эрктүү реформалар аркылуу энергетика тармагында алгылыктуу иштер болоруна ишенем жана баарыңыздарды чакырам.

Ошондой эле энергетиканын ардагерлерине ыраазылык билдирем, алардын өз кесибине берилгендиги энергетиктердин жаш мууну үчүн үлгү болуп эсептелет.

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакыт жана ийгиликтерди каалайм!

Сиздерди терең урматтоо менен КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов".

Пикир

Оставить комментарий