• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жамалдинов азиздер жана дүлөйлөр коомунун үйрөтүүчү өндүрүш ишканасы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-октябрь күнү КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Оштогу Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун "Дыйкан” түштүк үйрөтүүчү өндүрүш ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган ишканада 30га жакын ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар эмгектенишет. Мекемеде оорукана үчүн төшөк, матрас жана билим берүү мекемелери үчүн түрдүү эмеректер жасалат.

Жолугушууда мекеме жетекчиси Ноокат райондук аймактык ооруканасынын 2020-жылдын башынан бери 6,5 миллион сомдон ашуун акча каражатын которо элек экенин айтты.

Зиядин Жамалдинов Ош облусунун саламаттыкты сактоо жетекчилерине кайрылып, бир ай ичинде аталган көйгөйдү чечүү тапшырмасын берип, эгерде тапшырма аткарылбаса тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги карала турганын эскертти.

Пикир

Оставить комментарий