• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Зиядин Жамалдинов Ноокаттагы билим берүү мекемелери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов кезектеги иш сапары менен Ноокат районуна барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Ош облусунун башчысы иш сапарынын алкагында аймактагы билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы менен таанышып, мектеп жана бала бакчалар сапаттуу көмүр менен камсыз болушу керек деп билдирди.

“Билим берүү мекемелеринин баары көмүр менен камсыз болушту. Аларга жеткирилген көмүрдүн сапатын да жеке өзүм көзөмөлгө алам. Сапатсыз көмүр менен же белгиленген көлөмдөн аз көмүр болбошу керек. Биз балдарыбыздын кышында билим алуусу үчүн шарт түзүшүбүз керек”, - деди Зиядин Жамалдинов.

Ошондой эле курулушу жүрүп жаткан жана токтоп турган билим берүү мекемелери менен таанышып, алардын курулушун улантууга каражат маселесинде аракеттер жүрүп жатканын айтты.

Мындан сырткары, иш сапарынын алкагында Ноокат районунун тургундары менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелерин угуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий