• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Зиядин Жамалдинов Ош – Ноокат жолун көрктөндүрүү боюнча тапшырмаларды берди

Коом 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Ош облусунун башчысы Зиядин жамалдинов Ош – Ноокат жолун көрктөндүрүү иштери боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Ош – Ноокат жолунун Төлөйкөн, Папан айыл өкмөттөрүнүн аймактарына караштуу жол жээктерин ирээтке келтирүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү боюнча айыл өкмөт башчылары, жол адистери, ѲКМ, архитектура кызматкерлери, ишкерлер жана башка тиешелүү адистер катышты.

Жыйында облус башчы жолдун боюндагы таштандыларды тазалоо, ишембиликтерди өткөрүү жана жолдун жээгинде жайгашкан өндүрүш ишканаларына тосмолорду орнотуу боюнча тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий