• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Зиядин Жамалдинов Ош облусунун казысын кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-августта, пезиденттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусунун казысы Садамир ажы Жейналиев жана муфтияттын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабековду кабыл алды.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда ысырапкерчиликти жоюу, той-аш жана кишини жерге берүүдөгү салттарды аткарууда бирдиктүү эреже киргизүү боюнча сүйлөшүштү.

Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов экстремизм, терроризмди алдын-алуу үчүн түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана салттуу динди кармануу зарыл экенин айтты.

“Өлкөдө ар кайсы диний агымдарга кирип алган жарандарыбыз да бар. Алар намазды жаңы үйрөнүп жаткан балдарды башка багытка үндөп коюшу мүмкүн. Ошондуктан биз салттуу динди карманып, сиздер бул жаатта иш алып барып жана терроризм менен экстремизимге каршы түшүндүрүү иштерин күчөтүшүңүздөрдү суранам ”, - деди облус башчысы.

Мындан сырткары, Ош облусунун аймагындагы мечиттердин тазалыгына көңүл бурууну сунуштады.

“Ислам дини негизи тазалыкты сүйөт дейт. Ошондуктан өзүбүздүн эле тазалыкка маани бербей, мечиттерди да ирээтке келтиришибиз керек. Ош облусундагы жалпы мечиттердин ичи, сыртындагы тазалыка көңүл буруңуздар”, - деди Зиядин Жамалдинов.

Пикир

Оставить комментарий