• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Зиядин Жамалдинов Россиянын Ош шаарына жаңы дайындалган консулу менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Россия Федерациясынын Ош шаарындагы жаңы дайындалган генералдык консулу Андрей Бибишевди кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кызматташуу, мындан ары аткарылуучу долбоорлор тууралуу сүйлөшүштү.

Ошондой эле Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов Андрей Бибишевди генералдык консул болуп дайындалышы менен куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий