• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Зиядин Жамалдинов сел жүргөн Өзгөн жана Кара-Кулжа райондоруна барды

Аймак 0

Бишкек, 28.05.22. /Кабар/. Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов сел жүргөн Өзгөн жана Кара-Кулжа райондоруна барды. Бул тууралуу президенттин облустаг өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын Кош-Этер айылында кечээ, 27-майда кечки саат 20:00 чамасында нөшөрлөп катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Мырза-Аке – Кара-Шоро авто жолунун болжол менен 100 метр тилкеси жараксыз абалга келген.

Учурда райондук жергиликтүү бийлик тарабынан 2 погрузчик 1 эксковатор 10 оор жүк ташуучу унаа жана жабыркаган турак үйлөрдү райондук Жарандык коргонуу кызматтын кызматкерлери менен биргеликте тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат.

Жүргөн селдин кесепетинен 5 турак үй кооптуу деп табылып, тургундар коопсуз жайларга көчүрүлдү. Адам өмүрүнө жана мал жандыктарга зыян келген жок.

Ош облусунун башчысы селдин кесепеттерин жоюу иштери менен таанышып, 100 миң сом каражат бөлүп берди.

Ошондой эле облус башчысы Кара-Кулжа районунда дагы селдин кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты. Учурда райондук жарандык коргонуу штабы жана ӨКМ кызматкерлери жеринде жумуштарды алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий