• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган Ош облусунун тургундарын кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-октябрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун тургундары материалдык жардам, жер тилке, электр энергиясы, мал чарбачылыгы, саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр менен кайрылышты.

Ош облусунун башчысы жарандардын көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү бөлүм башчыларына жеринде барып маселелерди чечүү тууралуу тапшырма берди.

Белгилей кетсек, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жуманын ар шейшемби күндөрү саат 14:00дө жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий