• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган Ош облусунун тургундарын кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-декабрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облусунун тургундары турак жай, ооруканадагы көйгөйлөр, айылдагы көйгөйлүү маселелер, материалдык жардам, электр энергия көйгөйлөрү, жер жана жер тилке маселелери менен кайрылышты. Ош облусунун башчысы жарандардын көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү бөлүм башчыларына жеринде барып маселелерди чечүү тууралуу тапшырма берди.

Белгилей кетсек, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жуманын ар шейшемби күндөрү саат 14:00дөн жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий