• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган Ош облусунун тургундарын кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрь күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун тургундары турак жай, маршруттук каттам, медицина тармагы, жер тилке маселеси менен кайрылышты. Ош облусунун башчысы жарандардын көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү бөлүм башчыларына жеринде барып маселелерди чечүү тууралуу тапшырма берди.

Белгилей кетсек, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жуманын ар шейшемби күндөрү саат 14:00дөн жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий