• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-апрелде КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага район жетекчилери, айыл өкмөт башчылары онлайн форматта катышышты.

Ош облусунун тургундары жер, турак жай, жер тилке маселеси, материалдык жардам жана жеке маселелери менен кайрылышты. Ош облус башчысы жарандардын көйгөйлөрүн угуп, онлайн форматта жыйынга катышкан жетекчилерге тапшырма берди.

Белгилей кетсек, аптанын ар шейшемби күндөрү саат 14:00 дө КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат. Алардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү жетекчилер онлайн форматта катышат.

Пикир

Оставить комментарий