• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Зилалиев: Ар кандай кризистик кырдаалда жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат

Экономика 0

Бишкек, 02.11.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Ар кандай кризистик кырдаалда жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат”,-деп билдирди вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.

“Акыркы күндөрү өлкөдө көмүр кризиси болду, анда өлкөгө Казакстандан көмүр келүү токтоп калган. Бирок, маалым болгондой ар кандай кризистик кырдаалда жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Менин жеке оюм боюнча, көмүр өнөр-жайы үчүн бүгүнкү күндө жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткан тарыхый күн. Бул багытта өкмөт активдүү түрдө иштеп жатат”,-деди Зилалиев.

Анын айтуусу боюнча, казак көмүрүн Кыргызстанга алып келүүдө маселе жок. Себеби учурда көмүр келе баштады.

ЖК депутаты Улан Примов билдиргендей, Кыргызстан Казакстандан 100 млн долларды алуудан баш тарткандай эле, көмүрдөн да баш тартып, өзүбүздүн көмүр өнөр-жайын өнүктүрүүнү башташ керек. Эч кимден көз каранды болбош үчүн.

Пикир

Оставить комментарий