• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Зилалиев Чехиянын ГЭСтерди куруу шарттары тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 10-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев журналисттерге Чехиялык «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы Кыргызстандын аймагындагы ГЭСтерди кандай шарттарда кура турганын айтып берди.

Анын айтымында, бүгүн Кыргыз өкмөтү менен Чехиянын «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясынын ортосунда Жогорку Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын “Акбулуң ГЭСи” жана “Нарын ГЭС-1” куруу жана эксплуатацияга киргизүү, ошондой эле “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектростанцияларды куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду.

“Чакан ГЭСтер боюнча биз документтерге кол коюлгандан кийин 6 ай убакыт беребиз. Андан кийин курулуш иштери башталат. 10 ГЭСтин 3сү жогорку чыңалууда болот деп болжолдоп жатабыз. Алар: “Сандык-1”, “Сандык-2” жана “Сандык-3”. Ал жакта курулуш иштерин үч жылда бүтүрүү пландалып жатат. Ал эми калган 7 чакан ГЭСти аталган компания эки жылда куруп бүрүүнү убада кылды”,-деп билдирди Зилалиев.

Зилалиевдин айтымында, Чехия тарап Кыргызстандын Россиянын инвесторуна болгон 37 млн доллар карызын жабууну өз ыктыярлары менен моюундарына алышты.

“Бул алар аткара турган эң биринчи шарт болчу. Компания келишим ишке киргенден тартып 30 банктык күндө аталган карызды төлөөсү милдеттендирилген”,-дейт ал.

Ал эми келишимди аткаруу үч этапка бөлүнгөн: Биринчи этап- “Акбулуң ГЭСин” жана “Нарын ГЭСин” куруу ага болжолу менен 230 млн доллар сарпталат. Курулуш иштери 4 жылга созулаары болжолдонууда. Ал бүткөндөн кийин, кийинки этаптар ишке киргизилет.

2015-жылдын соңунда президент Алмазбек Атамбаев Россия компаниясы менен болгон келишимди денонсациялоого кол койгон. Анткен менен “РусГидро” инфраструктуранын курулуш иштерине 37 млн доллар короткон.

Пикир

Оставить комментарий