• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Зилалиев “Идеал Хаус” vip-шаарчасын сатуудагы чырда фонддун кызматкерлерин күнөөлүү деп эсептебейт

Коом 0

Бишкек, 19.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев “Идеал Хаус” vip-шаарчасын сатууда фонддун кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар болгон эмес деп эсептейт. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, сатуу боюнча аукцион 9 жолу өткөрүлгөн. “Мен бул ведомствого жакында эле келгениме карабай, бардык материалдарды карап чыктым. Менин оюмча Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар болгон эмес”,-деп билдирди ал.

Өз кезегинде фонддун төрагасынын орун басары Бакыт Мураталиев билдиргендей, “Идеал Хаустун” баасын ведомство аралык комиссия коюп, аны фондко сунуштаган.

“Башкача айтканда, баштапкы баа 30 млн долларды комиссия сунуштаган”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий