• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Зилалиев: Кумтөрдүн аймагындагы катуу коргоодон улам 10 илбирс жана 3 миңге жакын марал жашайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кумтөр кенинин аймагында 10 илбирс жана 2 мин 700 марал жашайт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароо учурунда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Депутат Эльвира Сурабалдиева мөңгүлөрдү пайдалануунун экологияга чоң зыян алып келбейби деп кызыкты.

“Мөңгүлөрдү пайдалануу экологияга зыян алып келсе, тиешелүү чаралар көрүлөт. Экология биз үчүн артыкчылыктуу”, - деп ишендирди вице-премьер.

Зилалиев учурда Кумтөрдүн аймагында бул жерде аңчылык кылууга жол бербеген катуу коргоонун натыйжасында 10 илбирс жана 2 миң 700 баш марал жашарын айтты. “Буга чейин мында болгону 750 баш марал жашаган. Ал эми илбирстер болгон эмес. Маралдын саны 3-4 эсе өстү”, - деди вице-премьер.

Белгилей кетсек, Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өкмөттүн мыйзам долбоорунда алдындагы алтынды казып алуу үчүн Давыдов мөңгүсүн жылдырууга уруксат берүү каралган. Лысый мөңгүсүнүн 10% бөлүгүн гана алуу тууралуу айтылган.

Пикир

Оставить комментарий