• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Зилалиев: “Мегаком” ачык-айкын жана мыйзам чегинде сатылат

Экономика 0

Бишкек, 19.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Альфа Телеком” ЖЧКсы (Megacom) мыйзамдын негизинде ачык-айкын сатылат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

““Мегаком” негизги эки принцип боюнча сатыла тургандыгын айтып кетейин: мыйзамдуулук жана ачык-айкындуулук. Ал эми, баасы боюнча учурда маселе каралып жатат”,-деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын сентябрь айында Россиянын жараны Елена Нагорная “Альфа Телеком” ЖЧКны сатып алууга даяр экендигин билдирген.

Бирок, 2017-жылдын 15-сентябрында Кыргызстан расмий түрдө Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон.

Маалым болгондой, сүйлөшүүлөр “тараптар сатык шарттары боюнча бир чечимге келе албагандыктан” токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий