• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Зилалиевдин иши: Шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек. 15.01.19. /Кабар/. Бишкек шаардык соту мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча биринчи инстанциядагы соттун чечимин - шарттуу түрдө 3 жылга кесүү жана 2 жылдык сынак чечимин күчүндө калтырды.

Мындай чечимди бүгүн соттук коллегия чыгарган.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 24-ноябрында президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат таратуу фактысы боюнча Зилалиевге карата кылмыш иши козголгон. Ал күнү Зилалиев укук коргоо орган кызматкерлеринин бирине бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат билдирген деп болжолдонууда. Бирок ал өзү болгону кызга "комплимент" айтайын дегендигин жана бомба тууралуу сөз да болгон эместигин айтууда.

Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Биринчи май райондук соту Зилалиевдин иши боюнча чечим чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий