• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Зилалиевдин иши боюнча сот. Айыпталуучунун жактоочусу сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.12.19 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум өз ишин улантты.

Отурумга жаңы сот А.Эсенбаев төрагалык кылууда. Ал эми Зилалиевдин жактоочусу сотко ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Жактоочунун айтымында, айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү тараптардын катышуусу жок жана кайсы датага чейин узартылгандыгы айтылган эмес.

Прокурор сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз жок экендигин айтып, жактоочунун бул суранычын колдогон жок.

Сот кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүгү боюнча (Милдеттүү кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө жүргүзүү УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий