• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иш: Жактоочулар айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранышты

Коом 0

Бишкек, 28.08.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум өтүүдө.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Зилалиевдин жактоочулары айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтирген.

Прокурор, бул маселе бир нече жолу каралганын айтып, айыпталуучунун баш коргоо чарасын узартууну суранды.

Сот кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетип, андан чыккандан кийин өтүнүчтү четке какты.

Прокурордун эмгек өргөөгө чыгып жаткандыгына байланыштуу соттук отурум 25-сентябрга жылдырылды.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий