• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Зимбабвенин президенти эки гана күн ыктыярдуу элчи болду

Дүйнө 0

Бишкек, 23.10.17 /Кабар/. 22-октябрда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус Зимбабвенин 93 жаштагы президенти Роберт Мургабени ыктыярдуу элчи кылып дайындоо туралуу чечимин жокко чыгара турганын билдирди.

Зимбабвени 1980-жылдан бери башкарып келаткан Мургабе эки күн мурда уюмдун ыктыярчы элчиси деп жарыяланган. Бул чечим дароо эле укук коргоочулар менен журналисттердин, ошондой эле Улуу Британия, Канада, АКШ өңдүү бир катар мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан сынга алынган. Британиялык "Гардиан" басылмасы өз макаласында АКШнын ББУдагы мурдагы өкүлү Саманта Пауэрдин сөздөрүн келтирип, «93 жаштагы Мургабе 37 жыл бою жалгыз өзүнүн гана ден соолугуна кам көрүп келген» деп жазды.

AFP агенттиги Мургабенин тушунда Замбабвенин саламаттыкты сактоо системасы кыйла начарлаганын белгилөөдө. Басылманын маалыматы боюнча өлкө ооруканаларынын көбүндө өтө зарыл нерселер жок, медайымдар менен дарыгерлер ансыз деле аз өлчөмдөгү айлыктарын өз убагында ала алабай келишет.

ЮНЕСКОнун статистика институтунун маалыматына ылайык, Зимбабведеги орточо жашоо узактыгы 49 жашты түзөт.

Пикир

Оставить комментарий