• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Золотая корона” Тажикстандагы ишмердүүлүгүн токтотот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. "Золотая корона” системасы мындан ары Россиядан Тажикстанга акча которуу менен алектенбейт.

Коммерциялык банктарга чет өлкөдөн “Золотая корона” төлөм системасы аркылуу келип түшкөн акчаларды төлөп берүүгө тыюу салынды.

Тажикстан Улуттук банкы шаршембиде жарандар өз акчасын "Юнистрим" жана Contact төлөм системалары аркылуу гана жөнөтө аларын билдирди. Буга чейин Россиядагы эмгек мигранттарынын 80 пайызы акчаны “Золотая корона” төлөм системасы аркылуу которушары айтылган.

Бир нече күн мурун Тажикстан жарандары Россиядан жөнөтүлгөн акчаны ала албай жатканын билдиришкен. Жергиликтүү жашоочулар каражат “Золотая корона”, “Близко”, MoneyGram жана Western Union төлөм системасы аркылуу салынганын айтышкан.

Тажикстан Улуттук банкы учурда "Юнистрим" менен Contact төлөм системалары гана өлкөдө иштөө үчүн расмий түрдө уруксат алганын маалымдады. Жакында алардын катарын Western Union да толуктайт.

Тажикстанда 3-декабрдан тарта улуттук акча которуу системасы иштей баштаган. Ага ылайык, эл аралык төлөм системалары Тажикстандын Улуттук банкында атайын эсеп ачып, операцияларын ал аркылуу ишке ашырууга милдеттендирилген.

Буга чейин россиялык адистер Тажикстандагы жаңы талаптар Россия мыйзамдарынын бир катар жоболоруна каршы келерин, мындан улам төлөм системалары аларды аткара албай тургандыгын билдиришкен.

2019-жылдын тогуз айында мигранттар Тажикстанга 2 миллиард 490 миллион доллардан ашык акча жөнөтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий