• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү боюнча долбоор ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлорун колдоо боюнча долбоор ишке кирди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы ” коомдук фонду менен биргеликте USAID жана FHI 360 “Жигердүү жарандар” долбоорунун колдоосу менен бүүндөнг баштап COVID-19 пандемия учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлорун жана 111 – “Балдар үчүн ишеним телефону” борборун колдоо боюнча долбоорун ишке ашыра баштайт.

Балдар үчүн ишеним телефону борборунун маалыматы боюнча, карантин учурунда үй-бүлөдөгү аялдарга, өспүрүм кыздарга жана балдарга карата зомбулук жана ырайымсыз мамиле өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 61 пайызга жогорулаган. Ишеним телефонуна чалуулардын саны кескин көбөйгөн. 2020-жылдын төрт айында чалуулардын жалпы саны 2 миң ты440 түзүп, алардын 191и же 7,8% балдардан келип түшкөн.

Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн өспүрүм кыздарды зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоо системасы төмөнкүлөр аркылуу өркүндөтүлөт:

-“Балдар үчүн 111 ишеним телефону” борборунун потенциалын жогорулатуу;

-зомбулуктун бардык түрлөрүнөн жабыр тарткан өспүрүм кыздардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жана кызматтардын потенциалын жогорулатуу;

-балдарды ырайымсыз мамиледен жана зомбулуктан коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ведомстволор аралык координациясын жакшыртуу;

-үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага реакция берүүдө өспүрүмдөргө басым жасоо менен ведомстволор аралык механизмди пилоттоштуруу;

-myktybaldar.kg сайтында өспүрүмдөргө он-лайн психологиялык жардамды түзүү.

Долбоор COVID-19 пандемиясына байланыштуу адистештирилген кызматтар тарабынан үй-бүлөдөгү зомбулук учурларына жооп кайтаруунун деңгээли төмөн көйгөйүн чечүүгө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий