• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Зордуктоого шектелген милиция кызматкери үй камагына чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 01.02.19. /Кабар/. Зордуктоого шектелген милиция кызматкери үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан мурдараак Бишкектин Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн 36 жаштагы И.К. аттуу кызматкери убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бирок күн мурун тергөө кызматы тарабынан Ысык-Ата районунун прокуроруна шектелгендин баш коргоо чарасын камакка алуу кылып кароо жана анын кармалышынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча өтүнүчүн келтирген.

Андан кийин прокуратура сотко өтүнүч менен кайрылып, Ысык-Атанын райондук соту өтүнүчтү жарым-жартылай канааттандырып, И.К. аттуу шектелүүчүнү үй камагына алуу чечимин чыгарган.

"Маалымат катары айта кетели, бүгүнкү күнгө карата жабырлануучу тараптан тергөө органдарына тосмо арыз келип түшкөн эмес", - деп билдирет башкармалыктын басма сөз кызматы.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Чүй облусунда эки жаран бир аялды зордуктап кетишкен. Шектелүүчүлөрдүн бирөөсү катары милиция кызматкери кармалган.

Пикир

Оставить комментарий