• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Зордуктоого шектелип соттолгон олимпиада чемпиону Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын машыктыруучусу болот

Спорт 0

Бишкек, 31.07.18. /Кабар/. Олимпиаданын 2 жолку чемпиону Масато Утисиба Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын машыктыруучусу болот. Бул тууралуу mainichi.jp. сайтында жазылды.

Басылманын маалыматына караганда, 40 жаштагы япон спортчусу Кыргызстанга келген, жакынкы убакта ишине киришет.

Маалыматка караганда, Утисиба 2020, 2024-жылда өтө турган Олимпиада оюндарынын алдында жаш спортчуларга жардам берүүнү пландоодо.

“Мен көптөгөн спортчуларды спортту сүйүп калууга үндөгөн, мен мекениме кайтканда дагы дзюдо менен машыгууга шарт түзгөн пайдубал кургум келип жатат”, - деген ал.

Басылма жазгандай, Масато Утисиба 5 жылдан кийин дзюдо дүйнөсүнө кайтып келген. 2013-жылы ал мас абалындагы студент кызды зордуктоого күнөөлүү деп табылган. Ошол учурда ал университетте кыздардын дзюдо боюнча курама командасын машыктырчу.

Кийинчирээк ал мөөнөтүнөн мурда камактан бошотулуп, джиу-джицу менен алектене баштаган.

Пикир

Оставить комментарий