• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Зулпукаров: КСДП партиясы күчтүү жана анын маанайы жакшы

Саясат 0

Бишкек, 23-июнь /Эрмек Абдрисаев - Кабар/. КСДПнын саясий кеңешинде эки маселе: биринчиси – партиянын төрагасынын орун басарын дайындоо жана экинчиси - бул 15-июлда КСДП партиясынын съездин өткөрүү талкууланды. Бул тууралуу КР ЖК депутаты жана КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Төрөбай Зулпукаров айтып берди.

Анын айтымында, КСДП партиясынын уставына ылайык, лидерди жана анын биринчи орун басарын саясий кеңеш тандайт. “Ушунун негизинде бул маселе күн тартибине коюлуп, бул мезгилге чейин КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары кызматын ээлеп келген Чыныбай Турсунбеков тарабынан Фарид Ниязовдун талапкерлигин кароо сунушталган”, - деди эл өкүлү.

Т.Зулпукаров белгилегендей, саясий кеңештин мүчөлөрү КР ЖК спикери сунуштаган талапкерди бир добуштан колдоп, аны КСДП партиясынын төрагасынын биринчи орун басары катары шайлашты.

Ал ошондой эле, партиянын съезди саясий кеңеш тарабынан 15-июлга белгиленгенин, себеби, Кыргызстандын социал-демократтар партиясы абдан чоң болгондуктан, анын бардык мүчөлөрүн чогултуу мүмкүндүгүнүн жоктугуна байланыштуу экенин кошумчалады. “Делегаттар жана президенттик шайлоого талапкерди көрсөтүү маселесин чечүү керек. Ал эми бул маселелерди кыска убакыттын ичинде чечүү биздин көз карашыбызда туура эмес. Ошондуктан, мыйзамда жазылган нормалар менен принциптерди, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын карманып, 15-июль күнү белгиленди”, - дейт ал.

Партиянын талапкери жана жалгыз эле талапкер болобу же бир нечеси болушу мүмкүндүгү тууралуу айткан Т.Зулпукаров, КСДП саясий кеңеши тарабынан партиянын атынан бир гана талапкер көрсөтүлгөнүн айтты.

“Партиядан Кыргызстандын президенттигине бир гана талапкер көрсөтүлөт, бул партиянын ички эрежеси”, - деп белгиледи ал. “Эгерде партиянын айрым мүчөлөрү келечекте өз алдынча шайлоого катышууну каалашса, бул алардын Конституциялык укугу. Биздин партиянын мүчөлөрү көп болгондуктан, лидерлердин да саны көп. Ошондуктан партия бир гана талапкер болору тууралуу чечим кабыл алат деп ойлойм. Эки талапкер болушу мүмкүн эмес. Мындан тышкары, партиянын ичинде, ички партиялык принциптерге карабастан, өздөрүнүн Конституциялык укуктарын колдонуп, шайлоого барышы мүмкүн болгон айрым мүчөлөр болушу ыктымал. Бирок мындай шартта партиядан эмес, өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары чыгат”, - деп белгиледи КСДП саясий кеңешинин мүчөсү.

Эл өкүлү ошондой эле, партиянын ички маанайы тууралуу маселени козгоду.

Анын айтымында, партия бүтүн, анын ичинде ар кандай пикирлер болушу мүмкүн. Себеби, бул демократиянын принциптерине дал келет. “Учурда ар бир маселени талкууга коюуга болот жана бул маселелерди талдоодо ар кандай пикирлер айтылышы мүмкүн. Бул жумуш шарттары жана бул партияда түшүнбөстүктөр бар дегенге жатпайт”, - деди Т.Зулпукаров.

“Ушул себептен улам биз коммунисттик эмес, Кыргызстандын социал-демократиялык партиясыбыз. Ошондуктан, партиянын ичинде сыяктуу эле, саясий кеңештин ичинде өз ойлорун билдире алышат, бул алардын укугу. Жана кандай болсо да, чечим партиянын көпчүлүк мүчөлөрү тарабынан кабыл алынат. Ушундан улам, биз дайыма чечим партиянын көпчүлүк мүчөлөрү жана партиянын саясий кеңеши тарабынан кабыл алынат деп айтып келебиз”, - деди ал.

Т.Зулпукаров ошондой эле, партиянын ичинде ар кандай талаштуу учурлар болушу мүмкүндүгүн, бирок ички партиялык маанай жакшы экенин кошумчалады. “Өзгөчө алдыдагы президенттик шайлоонун алдында оппоненттер тарабынан калк арасында, КСДП партиясынын ичинде бүтүндүк жоктугу тууралуу пикирлер жайылтылып жатат. Мунун баары жалган жана мындай эместигин шайлоо учурунда көрө алышат. Партиянын ичинде өзүнүн эрежелери жана уставы бар. Аларды сактоо менен биз партияны күчтүү жана бирдиктүү кыла алабыз. Партиянын бардык мүчөлөрү аны карманышат”, - деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий