• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Зулпукаров ТүркПАнын байкоочулар тобунун курамында Казакстандагы шайлоого байкоо жүргүзүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министирлигин чакыруусуна ылайык, 28-июнунда ТүркПАнын шайлоолорду байкоо боюнча эл аралык миссиясы алгачкы ирет Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын мүчөлөрүн шайлоолорго кыска мөөнөттүк байкоо жүргүздү. Белгиленген шайлоого мыйзамдык негиз катары “Казакстан Республикасынын шайлоолору туралуу” (1995-ж, №404-IV, акыркы өзгөртүүлөрдү 03.02.2011-ж. кирген) конститутциялык мыйзам болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

ТүркПАнын байкоочу миссиясына Азербайджан Республикасынын Милли Мажлисинин депутаты Садагат Валиева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Төрөбай Зулпукаров, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынын депутаты Мустафа Исен кирип, аларга ТүркПАнын Катчылыгынын кызматкерлери көмөкчү болду.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 89 талапкер каттоого арызын берип, 52 талапкер катталган, анын ичинен 38 талапкер калтырылып, алар 16 оорунга атсалышты.

БШКда 288 чет өлкөлүк байкоочу, ал эми ТИМде иш-чара тууралуу маалымат жайылтуу үчүн 116 чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катталды.

28-июнда, шайлоо күнүнүн биринчи жарымында ТүркПАнын байкоочулары башка жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар менен бирге Астана шаарынын Акимчилигене барышып, Астананын 25 депутаттан турган жергиликтүү кеңеши 2 талапкердин бирин Сенат мүчөлүгүнө шайланышын байкашты. Андан тышкары, байкоочулар тобу добуш берүү жана бюллетень саноо жүрүмүнө күбө болушту.

ТүркПАнын байкоочулар тобу Казакстан Парламентинин Сенатынын мүчөлөрүн шайлоо Казакстандын улуттук мыйзамына жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өткөнүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий