• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Зулпукаров: Өзбекстандын Президентинин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапары зор окуялардын бири болуп калды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.09.17 /Кабар/. Жакында эле аяктаган Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапары эки өлкөнүн соӊку тархындагы зор окуялардын бири болуп калды. Эӊ башкысы, өтө көйгөйлүү маселелердин баш ача турган бир катар документтерге кол коюлуп, 1170 чакырым чек аранын же жалпы чек аранын 85 пайызынын чеги аныкталды. Бул тууралуу депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

«Андан сырткары, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан «Достук» өткөрмө жайынын ачылышынын да эки өлкөнүн жарандары үчүн мааниси зор. Көптөгөн адамдардын бул окуяга көзүнө жаш алуу менен күбө болгонун көрдүк. Буюрса, эки өлкөнүн президенттеринин аракети аркылуу өз ара мамилелерибиздеги тоӊгон муз эрий баштады. Мындан ары да алакаларыбыз арта турганына ишеним артабыз», - дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий